Окумуштуулар кофенин пайдалуу жаңы касиетин табышты

  • 4 года мурун

Дайыма кофе ичүү бир катар дартка кабылуу тобокелин азайтат.

Бул тууралуу америкалык гастрэнтерологдордун сайтында жазылганын РИА Новости агенттиги билдирди.

Бэйлордун медициналык колледжинде 34 кишинин жоон ичегисинин ар кай жеринен 94 биопсия алынган.

Андан кийин окумуштуулар кофени көп ичкендердин жыйынтыгын (82,9 миллиграммдан ашык) жана кофени аз ичкендер менен салыштырып көргөн.

Натыйжада кофени көп ичкендерде суук тийүүгө каршы тура алган “жакшы” Faecalibacterium и Roseburia жана Erysipelatoclostridium бактериялары арбын болуп чыккан.

Ичегинин мындай бактерияларынын арбын болушу бир катар дарттардын, алсак, жүрөк-кан-тамыр, кант диабети жана боор ооруларынан жабыркоо коркунучун азайтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты