​Турдакун Усубалиев тууралуу дагы бир китеп Москвадан жарыкка чыкты

Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы, Кыргыз эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата жазуучу Осмонакун Ибраимовдун калеминен жаралган «Усубалиев» аттуу китеби Москвадагы «Молодая Гвардия» басмасынан «Жизнь замечательных людей» (ЖЗЛ) сериясы алдында 4000 нуска менен жарыкка чыкты.

Бул китепке «АЮ Холдинг» компаниясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов демөөрчү болгондугун Кубат Оторбаев билдирди.

Оторбаевдин айтымында, китепте Усубалиевдин бала чагы, анын атактуу Тагай бийге, касиеттүү Калыгул Бай уулуна кандай тууганчылыгы жубайы Гүлжаке Ниязалиева менен бирге үй-бүлөлүк өмүрү, өзүнөн мурдагы биринчи жетекчи Исхак Раззаков, атактуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов менен мамилеси, Москва менен кызматташуусу, Султан Ибраимовдун, Бейшенбай Мураталиевдин табышмактуу өлүмү, Аскар Акаев менен «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу кармашы сыяктуу бир катар окуялар баяндалган.

Ал эми эртең, 30-октябрда, «Турдакун Усубалиев: өмүрү жана тагдыры» аттуу китептин бет ачары К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын чоң залында ѳтѳт. Ал китептьин автору да- Осмонакун Ибраимов.

Китеп Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы тарабынан кыргыз тилинде 1000 нускада чыгарылды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты