​Шайлоо босогосун төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

  • 4 года мурун

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 29-октябрдан тартып коомдук талкууга коюлду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери- Жогорку Кеңештин депутаттары М. Жеенчороев, И. Масалиев, Ж. Акаев, Н. Никитенко, Д. Бекешев.

Депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, коомдук талкууга бир айлык мөөнөт берилет.

Сунушталган негизги өзгөртүү – шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү жана шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүү.

Долбоордун негиздемесинде жазылгандай, “Азыркы кырдаалда өтүү босогосу 9% болушу парламентте түрдүү саясий күчтөрдүн пропорциялуу өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жарандардын Жогорку Кеӊешке өкүлчүлүк болуусуна конституциялык укуктарына чек салууга алып келет. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, жасалма түрдө жогорулатылган босого шайлоочулардын парламентке келе албаган 40-50%ын элеп салат».

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5% болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында 7% болуп өзгөртүлгөн. 2017-жылы партиялар келген шайлоочулардын добушунун 9 пайыздан кем эмесин алууга тийиш.

Ошондой мыйзам долбоорунда шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго чейин тушүрүү сунушталууда.

БШК парламенттик шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты