​Бишкекте «Тез жардам» машинасы катышкан жол кырсыгы болду

  • 4 года мурун

Бишкекте Тыныстанов жана Фрунзе көчө кесилишинде 27-октябрда саат 07:30 дарда «Тез жардам» машинасынын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Бул тууралуу жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

62 жаштагы Т. С. «Тойота Камри» унаасында баратып, 31 жаштагы А. Т. башкарган «Даймлер-Бенц» маркасында жеке «Тез жардам» унаасы менен кагышкан.

Анын кесепетинен «Тойота Камринин» айдоочусу жана анын жүргүнчүсү жабыркаган.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты