​Ундун баасы канчага кымбаттады?

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаеванын ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткандарына өкмөт апппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет:

2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн.

2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады.

2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн.

2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8% га жогорулады.

Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбейт, -деп билдирди өкмөттүн маалыматтык кызматы

№ 1 таблица.

Республиканын аймактарындагы ар кандай сорттогу 1 кап ундун баасы

Аймак

Жогорку сорту ун

(50 кг/сом)

1-сорту ун

(50 кг/сом)

2-сорт ун

(50 кг/сом)

Чүй облусу

1800

1450

1000

Нарын облусу

1700

1500

1000

Ысык-Көл облусу

1800

1200

1050

Талас облусу

1500

1400

1200

Ош облусу

2000

1450

1200

Жалал-Абад обл.

1750

1600

1350

Баткен облусу

2000

1650

1200

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты