​Замир Жоошев: «Сотко күч менен Сапар Исаков гана алып келинди. Күбөлөр алып келинген жок»

  • 4 года мурун

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев Исаковдун сотко күч менен алып келинишинде мыйзам бузулуп жатканын айтты:

-Бүгүн Сапар Исаков сот отурумуна күч колдонуу менен алынып келиниптир. Бул мыйзамды бузуу менен жасалган иш-аракет.

Себеби мыйзамга ылайык, мажбурлоо түрүндө сотко алып келүү токтому соттук приставдар тарабынан аткарылат. Бул жерде УКМКнын кызматкерлери күч колдонуу менен алып келиптир.

Ошондой эле эмнеге Сапар Исаков сот отурумуна катышпайм деп жатат? Бир гана Сапар Исаков эмес, бардык айыпталып жаткан кишилер катышпайбыз деп жатат.

Себеби иш боюнча эң башкы, эң маанилүу эки күбө суралбай жатат. Алар үч жолу сотко чакырылган. Бирок алар келбей жатат.

4-күнү 3 кишиге карата, тиги эки күбөнү жана Сапар Исаковду сотко мажбурлоо жолу менен алып келүүгө токтом чыгарылган.

Сапар Исаковго тиешелүү токтом гана аткарылып жатат. Күбөлөргө карата токтом аткарылган жок.

Айыпталып жаткан кишилер таптакыр эле сотко катышпайбыз деп жаткан жок. Алар эки башкы күбө суралсын, көп нерсе түшүнүксүз, мамлекетке 111 млн доллар өлчөмүндө зыян келтирилген деген экспертиза бар, ошол түшүнүксүз.

Айыпталып жаткан адамдар «эки эксперт келсин, баары документалдуу болсун», ошондон кийин көрсөтмө беребиз деп жатышат.

Бишкектеги жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча Свердлов райондук сотуна УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду күч менен алып барышты.

Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталууда.

Мурдагы финансы министри Ольга Лавровадан башкасы — камакта. Ольга Лаврова-үй камагында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты