Сапар Исаковду сотко күчтөп алып барышты

  • 4 года мурун

Бишкектеги жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча Свердлов райондук сотуна УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду күч менен алып барышты.

Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди. Адвокат бул чечимди мыйзам бузуу деп эсептейт.

Буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязеддинова сотко катышуудан баш тарткан Сапар Исаковду күч менен алып баруу чечимин икабыл алган.

Сотко катышуудан баш тартуусун мурдагы премьер-министр Исаков ЖЭБ боюнча иштеги айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн.

Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталууда.

Мурдагы финансы министри Ольга Лавровадан башкасы — камакта. Ольга Лаврова-үй камагында.

Бул иш боюнча сот быйыл февраль айынан бери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты