Таиландда аял өлгөндөн үч күндөн кийин тирилген

Таиландда 70 жаштагы аял каза болгондон үч күндөн кийин тирилгенин The Sun. басылмасы жазды.

70 жаштагы аял калкан безинин шишигин узак мөөнөт дарылагандан кийин кайтыш болгон. Анын сөөгүн ооруканадан будда храмына алып барышкан.

Суук жайда үч күн кармашкан. Салтка ылайык, кремация кылуу алдында сөөктү күйөөсү сууга алганда, аялынын болор-болбос дем алып жана кабагы кыймылдап жатканын байкаган.

Дарыгерди чакырып, аялды ооруканага алып барышкан. «Тирилген» аялдын абалы оор деп айтылууда.

Сүрөттө: Таиланд. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты