Абылгазиев: «КМШ боюнча баңги заттарын мыйзамсыз сатууга каршы турууну комплекстүү чечүү керек»

  • 4 года мурун

Баңги заттарын мыйзамсыз сатууга каршы туруу маселесин комплекстүү чечүү КМШ боюнча өнөктөш-мамлекеттер үчүн актуалдуу болуп саналат.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин чакан курамындагы жыйынында билдирди.

«2000-жылдын 30-ноябрындагы баңги заттарын, психотроптук заттарды жана прекурстарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюуну кыргыз тарап колдойт» деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчы КМШнын алкагында уран өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон жерди рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруу боюнча да сүйлөп, дал ушул чөйрөгө колдоого көрсөткөн россиялык жана казак тарапка ыраазычылык билдирди.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму 2020-жылдын 29-майында ашкент шаарында өткөрүү белгиленди.

Премьер-министр евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар отурумуна катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты