​Донорлор Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө 55 миллион доллар бөлөт​

  • 4 года мурун

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы ЫсыкКөл облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлөт.

Тиешелүү токтом долбоору ратификация үчүн парламентке жөнөтүлдү.

Бул каражатка Казакстан менен байланыштырган «Түп — Каркыра» көзөмөл өткөрүү бекетинин ортосундагы жолду оңдоп-түзөөгө жана “Каркыра” туристтик лагерине алып барчу жолду ремонттоого жумшалат. Долбоордун алкагында жолдорду тейлей турган техника жана кар тазалоочу машинар сатып алынат.

Каражаттын бир бөлүгү авиациялык коопсуздукту бекемдөө, инспекторлорду даярдоого,жЖарандык авиация агенттигине жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Мындан тышкары туризмди өнүктүрүүнүн туруктуу стратегиясын иштеп чыгуу, туристтик кызмат көрсөткөн беш борбор куруу жана Түп менен Ак-Суу райондорунда геопарктарды түзүү пландалууда.

Каражаттын бир бөлүгү грант, бир бөлүгү жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты