​Жүрөк хирургиясы институтунда жылына 1200дөй операция жасалат

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда көчмө жыйын өткөрдү.

Маалымдалгандай, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жылына орто эсеп менен 1200гө жакын операция жасалат, анын ичинен 700ү жасалма кан айлануу аппараты менен, 500 операция интервенциялык мүнөздө (наркозсуз жана жасалма кан айлануу аппаратысыз) жасалат.

Институттун 2019-жылдагы бюджети 105,0 млн сом түздү. Анын ичинен: бюджеттик каражат – 30,0 млн сом, кошумча төлөмдөр 37,5 млн сом, атайын эсеп – 37,5 млн сом.

Өмүрбекова саламаттык сактоо системасы белгилүү бир өзгөрүүлөрдү баштан өткөрүп жатканын жана башкаруу, каржылоо, кызмат көрсөтүү маселелери боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу керектигин жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын санын кыскартуу боюнча жакшы натыйжаларга жетишилгенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты