​Бундестаг депутаты Гердт батыш «илдетинен» сактанууга чакырды

Бундестаг депутаты Вальдемар Гердт видеокайрылууда кыргызстандыктарды табигый-салттуу үй-бүлө баалуулуктарын сактап калууга чакырды.

Ал өзүн кыргызстандыктардын досумун деп тааныштырды.

-Бир кезде менин чоң атам элдин нарк-насилин кетирип, үй-бүлө институтун жоюп койсо, төрт муундан кийин ал эл жок болот деп айтты эле. Биз, Европада муну өзгөчө сезип жатабыз. Немис эли жок болуу жолунда баратат, үй-булөдө орточо 1,4-1,8 бала, башка салттуу эмес, мамиле жайылып, ал эрдикке тете катары каралууда. Ишеним, чындык, көп булөлүүлөр эскинин калдыгы, артта калуучулук катары көрүнүп калгандай эсептелүүдө. Бул абдан жаман көрүнүш. Үй-булөдө гана «улууга урмат, кичүугө ызаат» тарбиясы берилет эмеспи.

Ал эми тукум улоо бул мыйзам ченемдүу, табигый процесс. Бул жат, чоочун идеология кирсе, бузулат. Кыргызстанды ошол илдеттен сактагыла. Европа бул учурду кыйгап кетти. Бул демократия деп көрсөткөндөр бар, жок, бул –цивилизациянын токтошу,- деп айтты видеокайрылууда Бундестаг депутаты Гердт.

Айта кетсек, Вальдемар Гердт Казакстанда туулган, немис ишкери, Германия парламентинин 19-чакырылышынын депутаты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты