ТИМ Ленинград облусунда кыргызстандыкты атып кеткендиги тууралуу маалымат берди

  • 4 года мурун

Ленинград облусундагы Мурино айылында спорт аянтчасында балгисиз адамдар кыргызстандык жаранды атып кеткендиги тууралуу ЖМКдагы маалымат боюнча элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет:

Россиянын ИИМинин Санкт-Петербург шаары боюнча башкы башкармалыгынын №81 бөлүмүнүн маалыматына ылайык, окуя 2019-жылдын 21-октябрында болгон.

Жабыр тарткан жаранга тез жардам чакырылып, ал медициналык жардам алгандан кийин качып кеткен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Маселе элчиликтин көзөмөлүндө. Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы атайын консулдугу бул иш боюнча тийиштүу укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты