​АКШ Түркияга санкциялары алынганын билдирди

  • 4 года мурун

АКШ президенти Дональд Трамп Анкаранын Сирия түндүгүндөгү күрддөргө каршы операциясына байланыштуу Түркияга киргизилген санкциялар алынганын билдирди.

Трамп бул чечимин Түркия аскердик операциясын токтоткондугу менен түшүндүрдү. Ал аймактагы ок атуу Кошмо Штаттардын аракеттеринин натыйжасында токтогонун баса белгиледи.

Трамп Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечими туура болгонун дагы бир жолу кайталап, эми аталган аймак үчүн башка өлкөлөр жоопкерчилик алса болорун билдирди.

Ошол эле маалда ал сирия-түрк чек арасындагы аймактын бир бөлүгүн Түркиянын көзөмөлүнө, калганын Орусия менен президент Башар Асаддын күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөрүүгө мүмкүндүк берген Москва менен Анкаранын ортосундагы макулдашуу тууралуу ачык айткан жок.

Бул макулдашуунун алкагында Орусиянын аскердик полициясы шаршемби күнү алгачкы жолу Сириянын түндүгүндөгү белгиленген аймакты күзөтө баштады. Мурдараак аскердик полициянын колоннасы Евфрат дарыясынан өтүп, сирия-түрк чек арасын көздөй багыт алганы кабарланган.

Кошмо Штаттарда көрүнүктүү саясатчылар, анын ичинде Конгресстеги эки партиянын өкүлдөрү тең Трамптын аскерлерди чыгарып кетүү чечимин сынга алып, бул Түркиянын күрддөргө каршы операция баштоосуна жана Орусиянын Сириядагы таасирин күчөтүүсүнө жол ачканын билдиришкен.

Шаршемби күнү АКШ президенти мунай кендерин кайтаруу үчүн Сириянын чыгышында анча көп эмес сандагы америкалык аскерлер калтырыла турганын билдирди.

Орусиянын аскердик полициясы Сириянын аймагына 2016-жылы киргизилген. Алар орусиялык контингентти кайтаруу жана укук тартибин колдоо, ошондой эле белгиленген райондорду күзөтүү менен алектенет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты