​Депутат Исмаилова мамлекеттик эмес мед. окуу жайлардын аз салык төлөөсүнө көңүл бурду

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова бүгүнгү, 24-октябрдагы, парламент жыйынында медициналык жогорку окуу жайлардын, медициналык факультеттеринин чет элдик студенттерди окууга кабыл алуу акысы менен окуу жайлардын салык төлөөсүндөгү айырмачылыктары тууралуу сөз кылды.

-Чет элдик студенттерди кабыл алуу акысы менен салык төлөөдө чоң айырмачылыктар чыгып жатат. Орто эсеп менен жогорку окуу жайлар бир студенттин окуусуна жылына 120-150 миң сом акы алышат. Бирок алардын салык төлөөсүндө айырмачылыктар чоң.

Алсак, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында чет элдик 95 студент кабыл алынган жана 23 млн 996 миң сом салык төлөнгөн;

КРСУ- чет элдик 445 студент кабыл алынса да, салыкты КММА менен тең катар эле төлөгөн;

Кыргызстандын эл аралык университети 445 чет элдик студент кабыл алып, салыкты 1 млн 786 сом же 23 эсеге аз төлөгөн. Ал эми ар бир чет элдик студент окуу акысына анда 150 миңдей сомдон төлөйт.

Чет элдик студенттерди көп кабыл алып, бирок салык төлөөгө келгенде аз төлөгөн мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлары арбын, -деди Аида Исмаилова.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты