​Жээнбеков «Ротобо» япон бизнес-ассоциация жетекчилиги менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-октябрда Токио шаарында «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Кыргызстан жана Япониянын инвестициялык кызматташтыгынын жана ишкерлик чөйрөлөрдүн мамилелерин жакшыртуу келеги боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчы кыргыз-япон кызматташтыгынын ийгиликтүү мисалы катары Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Ысык-Көл облусундагы «Бир айыл-бир продукт» долбоорун ишке ашыруу болгонун белгиледи.

«Ротобо» япон бизнес-ассоциациясы 1967-жылы негизделип, КМШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен бизнес кызматташтыктын өнүгүүсүнө жардам берет.

Ал өнөр жайдын ар кыл тармактары: банк, фонддук компаниялар, өнөр жай бирикмелери, жүргүнчү жана жүк ташуучу агенттиктер, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу болуп, 200дөн ашуун мүчөсү бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты