​Сооронбай Жээнбеков Токиодо “Toshiba” корпорациясына барды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарындагы «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын башкы кеңсесине жана заводуна барды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы заводдун гидротурбиналарды жана генераторлорду чыгаруу боюнча ишмердиги жана өндүрүштүн жүрүшү менен таанышты.

Компаниянын жетекчилиги менен баарлашууда Президент Кыргызстан менен Япониянын эки тараптуу экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жаатында инфраструктуралык жана гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу багыттары актуалдуу экенин белгиледи.

Япониялык ири компаниялардын Кыргызстанга болгон кызыгуусу артып жатканын канааттануу менен баса белгиледи.

«Биз „Toshiba“ корпорациясынын ишмердиги менен жакшы таанышпыз. Өлкөнүн чоң гидроэнергетикалык дараметин эске алып, япон тарап, анын ичинде сиздин компанияңыз менен да бул багытта биргелешкен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз» деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Toshiba» корпорациясынын Президенти Сатоши Цунакава компаниянын тарыхы жана ишмердиги жөнүндө кеңири айтып берди. 80% энергиясы гидроэлектростанцияларда иштелип чыккан Кыргызстандын гидроэнергетикалык бай ресурстары жөнүндө билерин белгиледи.

Ал япон алдыңкы технологияларын колдонуп, Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

«Toshiba» ишмердүүлүгүндө төрт багытка артыкчылык бергенин, анын бири гидроэнергетика экенин белгиледи.

Ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымат берип, Японияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө гидроэлектростанциялар, жылытуу электр станциялары, атомдук станциялар үчүн чыгарылып жаткан продукциялары тууралуу кеңири айтып берди.

«Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясы «Toshiba Corporation» ири трансулуттук корпорациясынын бир бөлүгү болуп саналат жана энергетикалык системаларды чыгарууга адистештирилген.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты