​Жанар Акаев: “Кыргызстанда криминал кадимкидей баш көтөрдү” (Видео)

Депутат Жанар Акаев ИИМ криминал менен күрөшүудо алсыздыгын көрсөтүп жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында айтып чыкты.

—Өткөн жумада “Мадина” кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул бүтүндөй бизнеске, ишкерлерге урулган чоң сокку болду. Мамлекет, өкмөт ушундай маселеде өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Кыргызстанда криминал кадимкидей баш көтөрдү.

Кыргызстандан жарым жылда 247 миллион сом мамлекеттен чыгарылып кетти. Бир гана чоң бизнес эмес, орто бизнес дагы акчасын чыгарып кетип жатат.

ИИМ криминал менен күрөшүүдө алсыздыгын көрсөтүп жатат.

Криминал менен күрөшкөнгө, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн четинен түрмөгө отургузууга, ушуга дагы акча керекпи? Буга саясий эрк керек!

2005-жылы ыңкылап болгондо бизнес ушундай рекорддук суммадагы акча чыгарып кеткен. Ушул рекорд эми кайталанып жатат.

Өкмөт бизнести коргой албай калды. Бул президентке каршы саботаж, -деди депутат Жанар Акаев.

«Мадина» базарынын ээси 39 жаштагы Хуфур Абдурахеман 4-октябрда дайынсыз болуп, 19-октябрда сөөгү Кочкордон табылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты