​Мунайды машина менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

  • 4 года мурун

Кыргызстанга мунай жана мунайзатын автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзатты ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизель отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн 300 -1 млн 400 миң тоннаны түзөт.

Өлкө ичинде мунайзатын өндүрүүдө жылыштар болгону менен калктын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Россиядан келет.

Рынокто мунай эң төмөнкү наркта, орточо алганда 15-20% арзан сатылып жатат. Муну менен эсепке алынбаган мунай продукцияларына акциздик салык төлөнбөйт.

2018-жылда ыкчам топ тарабынан коңшу мамлекеттен күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 73 факт катталды, алардын көлөмү 146 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 млн сомго барабар.

Экономика министрлиги улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, 2018-жылдын 10 айында мунайзаттын көмүскөдөгү үлүшү сырттан ташылып келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 25,2 % же 12 млн сомду түзгөнүн маалымдады.

Ал эми 2017-жылдын 10 айында болсо, бул көрсөткүч 12,8% же 5,3 млн сомду түздү. 2019-жылдын январь айынан тарта июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзаты өлкө ташылып келинген.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты