Баш прокуратура: Султанбековдун экс-спикер боюнча кайрылуусу аскер прокуратурасына жиберилди

  • 4 года мурун

Темирлан Султанбековдун Асылбек Жээнбеков боюнча баш прокуратурага жолдонгон кайрылуусу аскер прокуратурасына жиберилди.

Баш прокуратура Темирлан Султанбековдун Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековду Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча жазык кодексинин 304-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, 316-беренеси, шалаакылык жана Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзамды бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча интернет-кайрылуусу 21-октябрда келип түшкөндүгүн маалымдады.

Аталган кайрылуу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко чейинки өндүрүштө кароо үчүн аскер прокуратурасына жиберилди.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин мурдагы спикерин Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча кылмыш жообуна тартуу керек деп Баш прокуратурага кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты