​2020-жылдын бюджетинин таңсыктыгы 9 млрд 953 млн сом же ИДПнын 1,5 % ын түзөт

  • 4 года мурун

2020-жылга республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын жалпы көлөмү 9 млрд 953 млн сомду же ИДПнын 1,5%ын түзөт. Келерки жылдын бюджетинин таӊсыктыгын жабууга ички жана тышкы булактар каралууда.

Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов 1-окуудагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорундагы баяндамасында айтылган маалыматка ылайык, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом суммада болжолдонгон. Бул ички дүӊ продукциянын 27,5% деӊгээлинде.

2020-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом суммасында же ИДПнын 24,5%ында каралууда.

Келерки жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деӊгээлинде белгиленген (ИДП 26%). Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 млрд 750 млн сомго көп.

2020-жылга республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын жалпы көлөмү 9 млрд 953 млн сомду же ИДПнын 1,5%ын түзөт. Келерки жылдын бюджетинин таӊсыктыгын жабууга ички жана тышкы булактар каралууда.

Мындан сырткары, КР экономика министри Санжар Муканбетов келерки жылга карата өлкө экономикасынын макро көрсөткүчтөрү, экономиканын көмүскө жактарын трансформациялоо чаралары, ар кыл тармактардын болжолдуу экономикалык өсүү көрсөткүчтөрүнө токтолду. Министр экономикалык саясат жогорку экспорттук дараметке ээ, жумушчу орундарын түзүүчү жана элдин байгер жашоосун көтөрүүчү тармактарды өнүктүрүүгө түрткү берүүгө багытталгандыгын баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты