​Өзбекстан: Интернет колдонуучулардын пикирлери көзөмөлгө алынат

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги сайт, ЖМК жана блогерлердин баракчаларындагы маалыматтарга көзөмөл кылуу укугуна ээ болот.

Бул боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоору жарыяланды.

Документке ылайык, веб-сайттардын, баракчалардын жана мессенжерлердин ээлери менен блогерлер алгач жарыялана турган маалыматтардын, анын ичинде колдонуучулардын пикирлеринин аныктыгын текшериши керек.

Мындан тышкары алар агенттиктин эскертүүсүн алгандан кийин 24 саат ичинде мыйзамга каршы келген маалыматтарды өчүрүп, бул тууралуу мекемеге кабар берүүгө милдеттүү болушат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты