​Кыргызстандын эки облусу дүйнөлүк “Кол өнөрчүлөр шаары” болуп калышы мүмкүн

  • 4 года мурун

Кыргызстандын эки аймагы, тактап айтканда Ысык- Көл облусу дүйнөлүк “Боз үй шаары” жана Нарын облусу “Кийиз кездемелериин шаары” макамына сунушталып жатат.

Эки облусуна “Кол өнөрчүлөрдүн шаары” макамын ыйгаруу үчүн дүйнөлүк кол өнөрчүлүк боюнча комиссия келди.

Комиссия мүчөлөрү кооператив, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музей жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырат.

Облустарга эл аралык аймактык бренддин берилиши аймактагы элдик кол өнөрчүлүктүн, облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө шарт түзөт.
Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин талаптарына ылайык, аймакка эл аралык бренд берүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан да колдоо болушу абзел.

Май айында маданият министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен кол өнөрчулөрдүн шаарын түзүү боюнча демилгечи топтун жумушчу жыйыны болуп өткөн.

Бул демилге Кыргызстандын эки аймагын, тактап айтканда Ысык- Көл облусун “Боз үй шаары” жана Нарын облусун “Кийиз кездемелериин шаары” макамына сунуштоо болуп саналган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты