Жээнбеков Токиодогу «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын баш кеңсесине барды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, Японияга сапары учурунда Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушту.

Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017- жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

«Бизнес инвестиция бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди» деп Сооронбай Жээнбеков ыраазычылык менен белгиледи.

«Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү.

Корпорациянын кичи ишканасы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.

Жээнбеков Кыргызстандын тоо-кен инженерлерин даярдап чыгарганы жана Бишкектеги кичи ишкананын кызматын кеңейткендиги үчүн «Tokyo Rope MFG» жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бул багытта иш-аракеттерди улантуу маанилүү экенин белгиледи.

«Tokyo Rope MFG» — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркан чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты