​2020-2021-жылдардагы шайлоо графиги

  • 4 года мурун

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдары шайлоолордун графигин Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.

Бул тууралуу БШК маалымат кызматы билдирди. ь

2020-жылдын 12-апрели — 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо (алардын ичинен — 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Майлуу-Суу).

2020-жылдын 4-октябры – Жогорку Кеңешке шайлоо.

2021-жылдын 11-апрели — 418 жергиликтүү кеңешке шайлоо, анын ичинде:

386 кеңешке шайлоо, алардын ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктайт (370 айылдык кеңеш жана 16 шаар: Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата).

2021-жылдын майында ыйгарым укуктары аяктай турган 32 кеңешке шайлоо (26 айылдык кеңеш жана 6 шаар: Жалал-Абад, Көк Жаңгак, Ноокат, Кемин, Кадамжай, Айдаркен)

2021-жылдын 10-октябры – 4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (3 айылдык кеңеш жана 1-Кара-Суу шаары).

2022-жылдын апрели – 16 кеңешке (3 шаар –Таш-Көмүр, Кара-Балта, Токтогул).

2022-жылдын октябры — 1 кеңеш,

2023-жылдын апрели – 14 кеңеш,

2023-жылдын октябры –1 Саруу айылдык кеңешине шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүү жылында аяктагандыктан, Президентти шайлоо менен бирге өткөрүлөт.

БШКнын жалпы чыгымдары 2020-жылы 928 млн. сомду түзүп, анын ичинен:

560 млн. – ЖКга шайлоолорго чыгымдар,
60 млн. шайлоого даярдык көрүүгө жана 2020-жылдын апрелинде жергиликтүү шайлоолорго (31 кеңеш),
197 млн. шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктардын өтүшүнө байланыштуу МККнын бюджетинен БШКнын бюджетине которуу,
100 млн.- БШК аппаратынын бюджети.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты