​Өзбекстанда эркектер декреттик өргүү үчүн жөлөк пул алып турушкан

  • 4 года мурун

Өзбекстандын бюджеттик мекемелеринде эки жарым жыл аралыгында 3,1 млрд сум же 330 миң доллар декреттик өргүү үчүн жөлөк пул катары мыйзамсыз төлөнүп берилген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына таандык «Укук» гезити жазып чыкты.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айрым бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жалган документ менен декреттик төлөм алып турушкан. Маселен, Жизак облустук тери-венерологиялык диспансеринин экономистине 2,1 млн сум, Жизактагы мектептердин биринин кароолчусуна 900 миң сум төлөнүп берилген.

Бул иштерге бюджеттик каражаттардын чыгымдалышына жооптуу кишилер аралашкан.

Иликтөө иштеринен кийин 61 кызматкер дисциплинардык, 141 кызматкер административдик жана эки кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

1,1 млрд сум ыктыярдуу түрдө мамлекеттин казынасына кайтарылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты