Өкмөт автопаркын электромобилге өткөрүүгө киришет

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлбөй мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

“Бизде электр энергиясынын тарифи төмөн, бул электромобилдерди колдонууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт» деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев».

Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.

Мухаммедкалый Абылгазиев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү жана электромобилдер үчүн кошумча нарк салыгын төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары транспорттун бул түрү унаа салыгынан жана комплекттик бөлүктөр жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Айта кетсек, Каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы республикада 1 173 миң транспорттук каражат катталган, анын 94,6 пайызынын чыгарылганына 10 жыл жана андан ашык убакыт өткөн. Бул статистика өлкөнүн автопаркынын эскерип бара жатканын көрсөтүп турат.

Bloomberg New Energy Finance (BNEF) эксперттик баалоолоруна караганда, 2025-жылы электромобиль сатуу 11 миллион даанага жетет жана 2030-жылы 30 миллион даанадан ашат.

Электромобилдерди чыгаруу жана сатуу темпинин мындай өсүшү технологиялык чечимдерге жана батареялардын баасынын арзандашына (электромобилдердин баасынын 40 пайызы) жараша болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты