​Президент Япония императорунун такка отуруу аземине катышат

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти.

Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана ал жакта жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

Жапониянын өкмөт башчысы баштаган делегация Кыргызстанга 2015-жылы келип кеткен.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты