Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызтесттен» өттү

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүп, аны кемчиликсиз билиши керектигин айтты.

Ал бул тууралуу «Кыргызтест» системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өткөн учурда билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды.

Жыйынтыгында Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 – жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

— Кимдир бирөөнү тилди үйрөнүүгө мажбурлоого болбойт, андай болбош керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, оңтойлуу шарт түзүү керек, — деди Абылгазиев.

Ал тилдин мындан ары өнүгүүсү биринчи кезекте мамлекеттик башкарууда, мыйзам менен иш жүзүндө жана бизнесте колдонулушуна байланыштуу экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты