​Акыйкатчы Мамытов Атамбаевге жолугуп чыкты

  • 4 года мурун

Бугүн, 18-октябрда, акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты.

Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Алмазбек Атамбаев тергөө абагындагы абалга дооматы жок экендигин билдирди.

Мурдагы президент Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Ал 26-октябрга чейин камакта боло тургандыгы тууралуу чечим чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты