​Uzbekistan Airways учагы эки күндө эки жолу шашылыш конууга аргасыз болду

  • 4 года мурун

Ташкенттен Санкт-Петербургга бараткан Uzbekistan Airways учагы шашылыш түрдө Казань шаарына конду.

«Өзбекстан аба жолдору» компаниясы маалымдагандай, жүргүнчүлөрдүн биринин ден соолугу кескин түрдө начарлаганына байланыштуу командир бортту жакынкы аэропорттордун бирине – Казань шаарына кондуруу чечимин кабыл алган.

Ушундай эле окуя эки күн мурун да катталган.

Авиакомпаниянын маалымат кызматы билдиргендей, 15-октябрда Ферганадан Москвага бараткан учак жүргүнчүнүн саламаттыгына байланыштуу Самарага шашылыш түрдө конгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты