Жээнбеков: «Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат” (Видео)

“Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат” деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышууда.

-Өлкөдөгү бардык электр станциялары чыгарган энергиянын 40 пайызы ушул жерден иштелип чыгат.Анын кубаттуулугу 1 200 МВатты түзөт. Бир жылда 6 млрд. килоВатт саатка жакын энергия чыгарат.

Муну менен катар, Токтогул суу сактагычы — Борбордук Азиядагы эң чоң суу топтогучтардын бири.

Ал биз үчүн гана эмес, жакынкы коңшулар үчүн да сугат суунун булагы катары кызмат кылат.

Жалпы суммасы 320 млн. АКШ долларын түзгөн бул иштерди каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын каражаттары жумшалат.

Гидроагрегаттарды алмаштыруу 2023-жылга чейин аяктайт.Мындай татаал жана масштабдуу долбоорду ишке ашыруу — Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздайт.

Үч фазаны тең бүткөрүүнүн натыйжасында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВатка өсөт. Бул долбоор — Камбарата 2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат, -деди Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөт жана видео: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты