​“Тандоо” электрондук каталогу иштей баштады

  • 5 лет мурун

Товарлардын, тейлөө кызматтарынын жана жумуштардын тизмесин баалары менен ачык көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө буйрутма берүү процедурасын бир кыйла жеңилдетет. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар порталынын электрондук каталогунун бет ачарында билдирди.

«Электрондук каталог – бул биз үчүн – Өкмөткө дагы жардам. Тигил же бул товарларга болжолдуу бааларын билсек, биз мамлекеттик сатып алууну жүргүзүү үчүн канча сумма зарыл экендигин айта алабыз» деп белгиледи Өкмөт башчы.

Айта кетсек, «Тандоо» электрондук каталогу 25-сентябрда ишке берилген. Бүгүнкү күнү алдын ала квалификациялоо жолу менен 45 ташуучу каталог алуу мүмкүндүгүн алышкан. Товардын 315 түрү жайгаштырылган, анын ичинен 135и атамекендик өндүрүшкө таандык.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты