​УКМК: Жети-Өгүздө прокурордун орун басары жана тергөөчү пара менен кармалды

  • 4 года мурун

УКМК Коррупцияга каршы кызматы Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен бирге Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайтарып жаткан учурунда 16-октярбда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары А.Н.К. жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Б.Э.Б. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

А.Н.К. тергөөчү Б.Э.Б. менен бирге Э.А. аттуу жарандан кылмыш ишин кыскартуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып, анын 60 миң сомун алган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, пара талап кылуу боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты