ЖАШООНУ ӨЗГӨРТӨ АЛГАН 7 МҮНӨТ

Макаланы окууга 7 мүнөт сарпталат. Бирок бул 7 мүнөт сиздин же жакындарыңыздын жашоосун жакшы нукка бурушу мүмкүн.

Жылдыз 39 жашта. Бир нече жыл мурун ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн. Ажырашууну абдан оор кабыл алып, бирок балдары үчүн жашоосун улантканга аракеттенди. Бир аздан соң, өзүн колго алып, иш ачууну чечти. Бирок анын ойлогону оңунан чыкпай, ишканасы банкротко учурайт. Жыддыз ири суммадагы акчасынан кол жууду. Көп өтпөй агасы каза болуп, дагы бир трагедияны башынан өткөрдү.

Бир тууганынын өлүмү Жылдызды такыр эле алсыратты. Тынчсыздануу, чарчоо, алсыздык менен көз жаш анын туруктуу жандоочуларына айланып, алардан арыла албай койду. Бир убакта деми кысылып, аба жутуу да кыйынчылык жаратып калган. Жылдызга буга чейинки өмүрү текке кетип, маанисиз өткөндөй сезиле баштады.

“Менин жашоом маанисин жоготкондой өңдөндү. Келечек күңүрт болуп калды. Өзүм менен өзүм болуп, айланадагылар менен ишим жок. Балдарым эмне ичип, мектепке эмне кийип барып жатканын да билбейм. Мен начар эне экенимди да түшүнөм, бирок мага эми баары бир. Айланасындагылар Жылдыздын абалы жакшы эмес экенин көрсө да, аны өз көйгөйлөрүн өзү жеңет деп эсептеп келишкен.
“Өзүңдү колго ал”, “Сен энесиң, балдарыңды кара, иште, баары өтөт” – деп, бир ооздон какшап келишти…

Бирок көңүл чөктүргөн абал өз алдынча өтүп кеткен жок. Бул абалдан чыгуу үчүн кесипкөй адистин жардамы зарыл экенин Жылдыз жакшы түшүнүп жатты. Жакындарынын сынына кабылып, “оорулуу” атка коном деп коркконуна карабастан, ал психотерапевтке кайрылды. Дарыгер ага “депрессия” диагнозун койду. “Депрессия бул алсыздык же начар мүнөздүн белгиси эмес. Жалкоолук да эмес. Бул дарылоого муктаж болгон олутуу дарт,” – деп билдирди дарыгер.
Кыргызстанда психикалык илдеттерге чалдыккан канча адам бар?

Депрессия – маанайдын чөгүшү жана жашоодо рахаттануу жөндөмдүүлүгүн жоготуу белгилери бар психикалык жактан жабыркаган абал. Кыргызстанда психикалык дарттардын кооптуу өсүшү байкалууда. Статистикага көңүл бурсак, 2014-жылдан тарта психикалык илдеттер менен ооруган адамдардын саны жигердүү көбөйүп жатканы даана байкалат:

Чынында ооруга чалдыккан адамдардын саны мындан да көп. Себеби, жеке менчик клиникаларга кайрылган кардарлар расмий статистикада эсепке алынбай калат.

“Мамлекеттик ооруканаларга көбүн эсе кирешеси төмөн же орто болгон адамдар гана жардам сурап кайрылышат, ал эми психикасы бузулган бейтапка карата коомчулуктун мамилеси мурункудай эле өтө начар жана стереотиптүү”,- деп дарыгерлер түшүндүрүшүүдө.

Жардамга муктаждардын басымдуу бөлүгү айланасындагы адамдардын сынынан жана кемсинтүүсүнөн корккондугу үчүн мамлекеттик жана жеке менчик ооруканалардын адистерине кайрылбай, дарты менен өз алдынча алышып келет. Алардын оюнда, маанайга көңүл буруп жана убакыт коротуунун кажети жок, эртеби-кечпи абалдары турукташаарына ишенишет. Дал ушундан улам, өлкөдөгү психикалык саламаттык боюнча толук маалымат алуу мүмкүн болбой жатат.

Дүйнө жүзүндө адамдар психикалык саламаттыкка жасагандай бир дагы дартка карата кайдыгер мамиле кылбайт.
Бул тууралуу Глобалдык психикалык саламаттык жана туруктуу өнүгүү боюнча комиссия маалымдайт.
Ар бир адам илдетке чалдыгышы ыктымал. Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, жумуштан айрылуу, каржы маселеси, жакын адамдын өлүмү, оор илдеттер, травмалар жана жол кырсыктары стресс жана сезилээрлик психоэмоционалдык басымдын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн. Мындан тышкары, көпчүлүк учурда, өз убагында диагноз коюлбай, төрөттөн кийин дарыланбай калган депрессия аныкталган учурлар арбын”, – дейт Айбек Мукамбетов, “Сорос – Кыргызстан” Фондунун саламаттык сактоо боюнча программасынын директору. Ал убагында Республикалык психикалык саламаттык борборунда психотерапевт болуп эмгектенген.
Психиканын бузулушуна биополярдык аффективдүү мүчүлүштүк, шизофрения, деменция, акыл-эстин өрчүшүнүн артта калышы менен өнүгүүнун бузулушу өңдүү дарттар да кирет. Бирок депрессия дүйнөдөгү эң кеңири жайылган психикалык оору болуп эсептелет.

Бул илдеттин үч даражасы бар. Жеңил депрессия салыштырмалуу оңой дарыланып, бейтаптын ооруканага жаткырылышын талап кылбайт. Алар бейтапканалардын шартында же болбосо үйдө дарыланышат. Оор депрессияны бир нече ай бою стационарда (ооруканада) дарылоо зарыл. Ал эми илдеттин эң татаал даражасы –анын өнөкөт дартка айланып кетиши болуп саналат.

“Ар бир адам психикалык жактан жабыркашы ыктымал. Илдет аны айланып өтөөрүнө эч ким кепилдик бере албайт. Айрым учурларда мындай диагноз сыртынан караганда бакубат жашоо сүрүп жаткан адамдарда да аныкталышы мүмкүн. Бирок алардын саны өтө эле аз жана баштапкы стадиясында эле дароо байкалат”, – дейт Республикалык психикалык саламаттык борборунун бөлүм башчысы Айгүл Мамбетова.

Өкмөттүн көңүл сыртында

Кыргызстанда 2018-жылы психикалык саламаттыкты коргоо боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Эксперттердин айтымында, ал абдан жакшы жазылып, түрдүү категориядагы жана түдүү курактагы жарандардын кызыкчылыгын коргойт. Бирок, тилекке каршы, программанын мыкты жазылышы анын толук ишке ашырылышын камсыздап бере албайт. Адистердин алдын ала эсептөөлөрү боюнча программаны ишке ашырууга 242,9 млн сом талап кылынат. Ал эми мамлекет муктаж болгон сумманын үчтөн бир гана бөлүгүн – 69,3 млн сомду бөлүп бере алат.

Башкача айтканда, мамлекеттик программанын үчтөн бири гана аткарылып, калган экөө кагаз жүзүндө калат деген сөз.
“Саламаттык сактооо тармагы ар дайым энелер менен балдардын арасындагы өлүмдүн санын төмөндөтүүгө негизги басым жасап келет. Андан кийинки артыкчылык жүрөк – кан тамыр ооруларын азайтууга, СПИД/ВИЧ, кургак учукка каршы күрөшкө берилет. Ал эми жарандардын психикалык саламаттыгын ала турган болсок, эзелтен бери бул дартка эң акыркы кезекте гана көңүл бурулат”, – дейт Мукамбетов.Гендерлик өзгөчөлүктөр

Статистикага ылайык, психикалык дарттар эркектерге салыштырмалуу аялдар арасында көп катталган. Маселен, 2017-жылы Республикалык психикалык саламаттык борборуна 4,5 миң эркек жана дээрлик 5 миң аял кайрылган. Бирок бул сандар аялдар илдетке көбүрөөк чалдыгары тууралуу кабар бербестен, алардын дарыгерлерге жардам сурап кайрылган учуру көбүрөөк катталганы тууралуу маалымдайт.

Эркектер дарыгерден жардам суроонун ордуна стрессти алкоголдук ичимдиктердин жардамы менен жеңүүгө аракеттенет. Бул тууралуу Республикалык психикалык саламаттык борборунун жетекчиси Ураимжан Исмаилов билдирди. Исмаиловдун бүтүмүн наркология кызматынын маалыматы толук ырастайт. Статистикага көз чаптырсак, эркектер арасындагы аракечтик аялдардыкына салыштырмалуу 8 эсе жогору.

Акыркы жылдары аракечтикке берилип, каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны азайганы байкалат. Демек, өлкөдө алкоголдук ичимдиктерге муктаж болгондордун саны азайды десек болобу?

Чынында 2015-жылдан тарта анонимдик негизде дарыланган жарандардын саны өскөн. Бул тууралуу Республикалык наркология борбору маалымдайт. Анонимдүү дарыланган адамдар ооруканага дарылануу үчүн толук түрдө төлөйт, аларга эч кандай арзандатуулар, льготалар берилбейт. Бул бейтаптардын аты-жөнү жашырылат жана алар расмий статистикага киргизилбейт.

Эркектер стресс тууралуу үн катпарын наркологиянын маалыматынан тышкары башка көрсөткүчтөр да тастыктап турат. Алсак, өз жанын кыйгандардын арасында эркектер аялдарга караганда 4 эсе үстөмдүк кылат. Психиканын жабыркашы суицид менен түздөн-түз байланышта болбосо да, ага түрткү болгон факторлордун катарында.

Кыргызстанда жыл сайын 500 дөн ашык адам өз жанын кыят. Алар адистерге өз убагында кайрылса, айрымдары бул статистикага кирмек эмес.

Натыйжалуу чаралар
Жергиликтүү бейтапканаларда психиатрлардын жоктугу да абалды курчутту: бейтаптар адистердин кеңешин алуу үчүн облустук борборлорго барууга аргасыз болчу.

2012- жылдан тарта эл аралык донорлордун колдоосу менен аймактарда мультидисциплинардык командалар (МДК) иштеп башташты. Алардын курамына психиатрлар, психологдор жана патронаждык медайымдар кирген. Командалар бейтаптарга жеринен жардам көрсөтүп, илдетти баштапкы баскычта аныктоого өбөлгө түзүлдү. Бейтаптар стационарларга азыраак кайрылып, мамлекет менен бейтаптардын дарылоого кеткен чыгымдары кыйла азайды. Эң негизгиси, кардарлар психиатриялык стационарларга жаткырылбай, адистердин жардамын жеринен ала алды. Жыйынтыгында, алар коомчулуктун түрдүү сынынан жана кемсинтүүсүнөн арыла алды.

2018-жылы “Социалдык өнүгүү институту” Коомдук фонду изилдөө өткөрүп, МДКларда дарылануунун бир курсу бейтаптын ооруканада дарыланганына караганда 42 эсе арзан болорун аныктаган. МДКларда дарылануу миң сомго жетпеген каражатты талап кылат. Ошол эле учурда, ооруканада дарыгерлердин кароосунда болуу – 40 миң сомдон ашык сумманы түзөт. Жыйынтыгында, МДКлардын экономикалык натыйжалуулугу кыйла сезилерлик экени талашсыз.

ЖАШООНУ ӨЗГӨРТӨ АЛГАН 7 МҮНӨТ

Булак: коомчулук деңгээлде психиатриялык саламаттык боюнча кызмат көрсөткөн дисциплиналар аралык командалардын моделинин экономикалык эффективдүүлүгүн изилдөө боюнча отчёт. “Социалдык өнүгүү институту” КФ
Айзада Тома, КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдоштуктардын деңгээлинде психикалык саламаттыкты коргоо кызматтарын түзүүгө колдоо көрсөтүү долбоору үчүн.

ЖАШООНУ ӨЗГӨРТӨ АЛГАН 7 МҮНӨТ

Булак: коомчулук денгээлде психиатриялык саламаттык боюнча кызмат көрсөткөн дисциплиналар аралык командалардын моделинин экономикалык эффективдүүлүгүн изилдөө боюнча отчёт. “Социалдык өнүгүү институту” КФ

Айзада Тома, КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук деңгээлде психикалык саламаттыкты коргоо кызматтарын түзүүгө колдоо көрсөтүү долбоору үчүн.

ЖАШООНУ ӨЗГӨРТӨ АЛГАН 7 МҮНӨТ
Булак:
1. Коомчулук деңгээлде психикалык саламаттык боюнча кызмат көрсөткөн дисциплиналар аралык командалардын моделинин экономикалык эффективдүүлүгүн изилдөө боюнча отчёт. “Социалдык өнүгүү институту” КФ
2. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси. КР Улуттук статистикалык комитети
Айзада Тома, КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук деңгээлде психикалык саламаттыкты коргоо кызматтарын түзүүгө колдоо көрсөтүү долбоору үчүн.

ЖАШООНУ ӨЗГӨРТӨ АЛГАН 7 МҮНӨТ

Булак: Коомчулук деңгээлде психикалык саламаттык боюнча кызмат көрсөткөн дисциплиналар аралык командалардын моделинин экономикалык эффективдүүлүгүн изилдөө боюнча отчёт. “Социалдык өнүгүү институту” КФ

Айзада Тома, КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук деңгээлде психикалык саламаттыкты коргоо кызматтарын түзүүгө колдоо көрсөтүү долбоору үчүн.

Изилдөө көрсөтүп тургандай, ооруканаларга бейтаптарды жаткыруу тажрыйбасынан акырындап арылуу мамлекетке 88 млн сом каражатты үнөмдөөгө көмөктөшкөн. Стационарларда бейтаптар аз убакыт өткөрүп, анын натыйжасында чыгашалар 230 млн сомго кыскарган.

Ошол эле изилдөөгө таянсак, МДКлардын иши ири өлчөмдөгү каражатты үнөмдөөгө гана эмес, бейтаптарды дарылоодо да мыкты жыйынтыктарды көрсөтө алды. МДКларда адистердин жардамын алган жарандардын басымдуу бөлүгү алар тууралуу оң пикирлерин билдирген. Себеби,кардарлар үй-бүлөлөрүнөн алыстап, элдин сөзүнө жана сынына кабылып, ооруканада жатып дарыланууга мажбур болгон эмес. Алар муктаж болгон медициналык жардамды жергиликтүү бейтапканалардан эле ала алган.
МДКлар оң жыйынтыктарды бергенине карабай, долбоор аяктап, 2019- жылдын сентябрына чейин иштеп келген 11 МДК өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду 2020 -жылдын январынан баштап 8 МДКны каржылоого киришерин убадалады. Бирок, республика үчүн бул өтө аз жана жетишсиз экенин адистер белгилейт.
“Өлкөдө 64 үй-бүлөлүк медицина борбору иш алып барат, андыктан, калктын психикалык саламаттыгын натыйжалуукоргоо үчүн МДКлар ар бир үй-бүлөлүк медицина борборунда жайгашса туура болмок”, – дейт Лилия Пантелеева, психикалык саламаттык боюнча эксперт.

Жылдыздын дарты артта калды

Ал эми Жылдыздын окуясы эмне менен аяктады? Анын дарылануусу дээрлик үч айга созулган. Ал ортодо Жылдыз антидепрессанттарды ичип жүрдү. Азыр анын абалы жакшы. Жылдыз мурдагы жумушуна кайтып келди. Учурда ал бактылуу эне жана жашоону өзгөчө сүйгөн айым. Ал эми эртеден кечке дивандан жылбай, бир ордунда отурган, ачуусун балдарынан чыгарып, тынымсыз ыйлаган бактысыз, кыжырланган айым мурунку жашоодо калды…
Жылдыз кыйла убак өзүн жана жакындарын жөнү жок кыйнап келгенине абдан өкүнөт. Ал буга чейин дарыгерге кайрылбай, дарыланууну созгон үчүн өзүн-өзү жемелейт.

Эстен чыгарбоо зарыл: бейтап канчалык эрте дарыгерге жардам сурап кайрылса, дартты ошончолук эрте жеңсе болот. Мындан тышкары, дарылануу да кыйла аз каражатты талап кылат.
Сиз дагы биздин жөнөкөй тесттен өтүп, адистин жардамына муктаж же муктаж эмес экениңизди биле аласыз.
<ТЕСТ

ТЕСТ

Материалды даярдагандар: Асель Сооронбаева, Назигүл Жусупова.

Дата-редакторлор: Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева.
Негизги беттеги иллюстрация: Ксения Милохова.
Бул материал USAID дин каржылык колдоосунда Internews ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө Анастасия Валееванын менторлугу алдында даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты