​Тажикстанда кыйноо үчүн жаза күчөтүлдү

  • 5 лет мурун

Тажикстанда кыйноого жана катаал мамиле жасоого күнөөлүү деп табылгандардын жазасы күчөтүлдү.

Кылмыш кодексине сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөрдү тажик парламенти 16-октябрда кабыл алды.

Ага ылайык, күнөөлүүлөр эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Мындан тышкары жаза мөөнөтү аяктагандан кийин 15 жылга чейин белгилүү бир кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынат.

Буга чейин кылмыш кодексиндеги «Кыйноо» беренесинде деле эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бирок анда күнөөлүүлөргө 20 миңден 50 миң сомониге (2-5 миң доллар) чейинки өлчөмдө айыппул төлөп жазадан кутулуу мүмкүндүгү берилчү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты