Арстан Алайдын «Мен — Кудаймын» деген сөзү экспертизага жөнөтүлдү (Видео)

Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) «Мен — Кудаймын» деген сөзү экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлөт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында айтты.

Парламентте «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.

Ал депутат Улукбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып, теңирчилик Кыргызстанда диний уюм катары каттоодон өтпөгөнүн, ошондуктан диний уюм катары эсептелбей турганын билдирди.

Арстанбек Абдылдаев буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «Кудай» деп жарыялаган.

Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011 жана 2017-жылы президенттик шайлоолорго катышкан. Кеңири коомчулукка «Зима не будет» (“Кыш болбойт”) деген сөзү менен таанылып, Интернетте кызуу талкуу жараткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты