​Кыргызстанда бирөөнүн мүлкүн тартып алууга шектүү Москвадан кармалды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда алдамчылык менен жарандын мүлкүнө ээ болгон киши Москва шаарынын аймагынан кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү Ош облус милиция коштоосу менен Москванын аймактык укук коргоо органдары менен бирге өз өлкөсүндө жасаган кылмышы үчүн ички иштер органдарынан жашырынып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктын жүргөн жери аныкталды.

Москва шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну, 1978-жылы туулган К.К. кармалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 350-беренесинин 2-бөлүмүндө (Жасалма документти атайылап пайдалануу менен документ, мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр бланктарды колго жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн Алай райондук милициясыеын тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөндүктөн, издөөгө алынган.

Аталган жаран 2010-жылы жеке нотариус менен алдын-ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугусуз, үй ээсинин колун жасалмалаган.

Андан соң, кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган.

2012-жылы кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом насыяны өз жубайына каттаган. Акчаны өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.

К.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү боюнча маселе чечилди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты