​Батукаев соту: 27 томдук ишти ачыктоо боюнча адвокаттар өтүнүчү четке кагылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 16-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот иши улантылып жатат.

Адвокаттар бул кылмыш ишиндеги 27 том материалды ачык кароо сунуштамасын беришти.

Судья Эмилбек Кайыпов жактоочулардын сунуштамасын четке какты.

Сот Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз жүрүүдө. Адвокаттар отурумду Атамбаевсиз өткөрүу тууралуу сотко сунуш киргизишкен. Сот баштапкы угуулар Атамбаевсиз өтүшүн канаттандырган.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты