Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сот канаттандырган жок

  • 5 лет мурун

Алмазбек Атамбаевди үй камагы чыгаруу боюнча адвокаттардын сотко келтирген сунуштамасын сот канаттандырган жок.

Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Бүгүн, 15-октябрда, кримтөбөл Батукаевдин бошотулушу боюнча сот отуруму Бишкек шаарынын Биринчи май районунда өтүп жатат.

Сот Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз жүрүүдө. Адвокаттар сотко отурумду Атамбаевсиз өткөрүу тууралуу сунуш киргизишкен. Сот баштапкы угуулар Атамбаевсиз өтүшүн канаттандырган.

Бул иштин алкагында төрт адамга президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго айып тагылууда.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты