​Мамлекеттик ипотекалык компания: Төрт миңден ашык батир берилди

  • 5 лет мурун

Жакынкы күндөрү германиялык KFW банкы аркылуу келген каражаттын эсебинен 10% жылдык үстөгү менен ипотекалык насыя бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бул каражат Кыргызстанда турак жайды каржылоо жөнүндөгү өкмөт аралык келишимге ылайык алынган. Кыргыз өкмөтү мындан сырткары Азия өнүктүрүү банкынан 10 млн. евро, Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразия фондунан 100 млн. АКШ долларын 20 жылдык мөөнөткө жылдык үстөк 1% менен каражат алуу сүйлөшүлүп жатканын маалымдайт.

Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы иштей баштагандан тарта насыянын үстөк пайызы үч эсе төмөндөгөн. Маселен, 2016-жылы 12-14% 10-12%, 2017-жылы 8-10% чейин, 2018-жылы 7-9% чейин төмөндөгөн. Алдыда ипотекалык насыянын үстөк пайызын 6-8% түшүрүү пландалып жатат.

Жалпы жолунан кыргыз өкмөтү мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан бери жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү жолу аркылуу 4371 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылды.

Буга чейин Германия Кыргызстанга турак жай программасын колдоо максатында 10,5 миллион евро бөлүп берери кабарланган. Кыргыз өкмөтү «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияны түзгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай алыш үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты