​Жээнбеков Ильхам Алиевди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты