​Курсан Асановдун үй камактагы мөөнөтү узартылды

  • 4 года мурун

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагы 23-декабрга чейин узартылды.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту чечим кабыл алганын Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова ЖМКга билдирди.

Ал кездеги Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда министрдин талаптарын жана көрсөтмөсүн укпай, өз алдынча чечим чыгарган деп айыпталган.

Буга чейин сот Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагында болору тууралуу чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты