​Жарандар төлөм терминалын көбүрөөк пайдаланышат

  • 5 лет мурун

Жарандар күндөлүк турмушта төлөм терминалын көбүрөөк пайдаланып жатышат. Анын ичинен эң эле көбү — төлөм терминалдары, ал аркылуу 276,9 млн сом суммасында 250 миң 781 төлөм жүргүзүлгөн.

Салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн инновациялык башка ыкмаларын да пайдаланышат. Алсак, банкомат аркылуу 17,3 млн сомго 15 миң 925 төлөм, веб-кассалар – 40,8 млн сомго 8940 төлөм, интернет-банкинг – 11,9 млн сомго 14 миң 590 төлөм, мобилдик банкинг – 6,5 млн сомго 10 миң 811 төлөм, электрондук капчык – 2,6 млн сомго 3300 төлөм жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда 9 айда бюджетке 356,9 млн сом суммасында 304 миң 711 салыктык төлөмдөр жүргүзүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,3 миң төлөмгө жана 40,5 млн сомго көп.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты