Атамбаевдин тарапташы ​Амантур Жамгырчиев камакта калтырылды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери Амантур Жамгырчиевди 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев ЖМКга билдирди

Мурдагы презилент Атамбаевдин тарапташтары Амантур Жамгырчиев, Фарид Ниязов, Марат Шаменов, Алга Кылычев, Кыяз Самилов «Баш аламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү» «барымтага алуу» беренелери боюнча шектелип жатат.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты