​Бишкектин коомдук транспортунда электрондук билет 2020-жылдан тартып кирет

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда электрондук билет системасы 2020-жылдын январь айынан тартып ишке кирет. Шаардыктарга карта, билерик жана брелок сунушталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлайт.

Биринчи айлампада система коомдук транспортто жүрүү үчүн жол кире төлөөгө жол ачса, келечекте унаа токтотуучу жай, велосипедди ижарага алуу, театр жана музейлерге кирүү үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Электрондук билет үч категорияга бөлүнөт: пенсионерлер жана майыптар үчүн жеңилдетилген карта, окуучулар үчүн карта жана жеңилдиги жок стандарттык карта. Картаны жоготуп алган учурда аны колдонууну бөгөттөп коюуга мүмкүнчүлүк бар.

Карта почта бөлүмдөрүндө, мобилдик операторлордун кеңселеринде жана ири соода түйүндөрүндө сатылат.

Бишкекте 20-сентябрдан баштап тесттик режимде 10 троллейбус жана 10 автобуста электрондук билет системасы киргизилген.

«Электрондук билет» долбоорун тендерден утуп алган швейцариялык BPC AG компаниясы ишке ашырууда. Ал өз кызматын 24 миллион 120 миң сомго (344 миң долларга) баалаган. Мэриянын маалыматына караганда, компания транзакциянын төмөнкү баасын сунуштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты