Тайфундан улам 4,2 млн. япониялык үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз

  • 5 лет мурун

Жапониянын борбору Токионун “Ханэда” эл аралык аэропорту «Хагибис» тайфунуна байланыштуу толугу бойдон ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлиги кабарлады.

Тайфун шаарга жакындап калгандыктан ички да тышкы да каттамдар токтоду.

«Хагибис» тайфунун жергиликтүү метеорологдор 1958-жылы 1200гө жакын адамдын өмүрүн кыйган «Ида» менен салыштырып жатышат.

Ошондуктан өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жашаган 10 млн адам эвакуацияланды.

Токионун өзүндө дүкөн, ресторан жана дарыканалардын көбү да убактылуу жабылды.

Тайфун саатына 25 чакырым ылдамдык менен жылып келатат. Мындан сырткары, дагы 10 префектурада 4,2 миллион адамга эвакуация боюнча эскертилген.

«Хагибис» тайфуну япон архипелагынан түштүктөн чыгышты көздөй жылып келе жатат. Учурда анын борбордук бөлүгүндө басымдын күчү 935 гектопаскаль, ал эми ылдамдыгы секундасына 45 метр, катуулап кеткенде 65 метрге чейин болууда.

Метеорологдор мунун күчүн 1269 адамдын өмүрүн алган «Ида» («Каногава») тайфунуна туура келет деп салыштырды. Жаратылыштын бул кубулушу Тынч океан жээктери менен өтүп, борбор калаа Токионун аймагын да камтый турганы айтылган. Учурда Токидо нөшөр төгүп, катуу шамал болуп жаткан чак. Тайфундун Япониянын борборуна жекшембинин түнүндө келери кабарланды. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрге (саатына 162 чакырым), ал эми катууласа секундасына 60 метрге (саатына 216 чакырым) жетет. Мындай күч менен шамал жүк ташыган автоунааны ала салдырып, дарактарды түп-тамыры менен жулуп жана электр кубатын өткөргөн түркүктөрдү кыйратып кетери эскертилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты