Кыргызстандын футболчулары Монголияга учуп кетти

  • 4 года мурун

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарына учуп кетти. Бул туурасында Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук команда 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголиянын футболчулары менен беттешмекчи. Оюн 15-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.00дө (Бишкек убактысы 14.00) башталат.

Кыргызстандын футболчулары буга чейин Бишкекте өткөн мелдеште Мьянманы 7:0 эсебинде утуп, тандоо турундагы алгачкы жеңишин камсыздаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты