Футбол оюнунда талаага чуркап чыккан күйөрман үчүн футбол федерациясы жазаланат

  • 4 года мурун

Кыргызстан — Мьянма командалары беттешип жаткан учурда күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыгышынан улам Футбол федерациясы ири өлчөмдөгү айып тартышы мүмкүн. Бул тууралуу уюмдун маалымат катчысы Наталья Угрюмова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы Кыргызстан менен Австралиянын беттешин эске алсак, кечээки окуя үчүн да эл аралык комиссия федерацияга айып чегерет.

Бейшемби күнү өткөн оюнда бир күйөрман батыш тараптагы трибунадан чуркап чыгып, оюнчулар менен учурашууга да үлгүргөн. Эскерте кетсек, беттеш 7:0 эсебинде кыргызстандыктардын жеңиши менен аяктады.

«Австралия менен өткөн оюндагы күйөрмандардын тартип бузуулары, бир кишинин талаага чуркап чыгышы менен чогуу 28 миң доллар төлөмөр болгонбуз. Кечээки окуя боюнча айыптын көлөмү деле бир топ болот. Оюндун комиссары баарын каттап алды» деди Угрюмова.

Бишкек милициясы күйөрман 30 жашта экенин маалымдады. Майда бейбаштык боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, киши тил каттын негизинде кое берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты