Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук жыйын 14-октябрга жылдырылды

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 14-октябрга жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын журналисттерге берген маалыматы боюнча, соттук жыйындын жылдырылышына айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук процесске келүүдөн баш тартканы себеп болду.

— Алмазбек Шаршенович Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты. Алмазбек Атамбаев буга чейин эле «бул оюнда бийлик ага берген ролду аткарбайм» деп билдирген- деди Слесарев.

Сотко мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да келишти. Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин билдирди. Ал эми Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

Бүгүн, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум бүгүн каралган эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты